09:48, 21 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.
Буга чейин Жыпар Жекшеевден коронавирус индети аныкталып Улуттук госпиталга жаткырылган, жакында эле анын абалы оор экени айтылган. Ал бүгүн кечинде көз жумду.
Жыпар Жекшеев 1947-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талдысуу айылында туулган. Чүйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, Мамлекеттик искусство институтун жана Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Бир нече жыл бою ал Ысык-Көл облусунун көркөм фондун жетектеген, «Кыял» искусство жана кол өнөрчүлүк ассоциациясынын окутуучусу жана Кыргызстандын Маданият министрлигинин курстарында иштеген. 1990-жылдардан бери ал саясатка активдүү катышып баштаган.
Жапар Жекшеев «Даңк» жана «Манас- юбилейлик төш белгиси менен сыйланган.