USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкек жана Ош шаарында 100 орундуу эки оорукана курууга даярдык көрүлө баштады

17:45, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана курууга даярдык көрүлө баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, борбордо Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан курулушка жер тилкеси дайындалган.

Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарларына тез курулуучу конструкциядан ооруканаларды куруу боюнча өкмөттүк демилгени колдоого алды.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесин дагы иштеп жатканын билдирди.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика