Кыргызстандын байланыш индустриясынын ардагери Мирбек Мурзабеков дүйнөдөн кайтты

13:49, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын байланыш тармагынын ардагери Мирбек Мурзабеков 61 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.

Фото

Мирбек Мурзабеков Кыргызстанда телекөрсөтүүнү жана мобилдик байланышты өнүктүрүүгө, ошондой эле аналогдук көрсөтүүдөн санариптик берүүгө өтүүгө зор салымын кошкон. Ал «Даңк» медалы менен сыйланган.

Мирбек Мурзабеков 1960-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында жарык дүйнөгө келген.