13:01, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg
«Ала-Арча- мамлекеттик резиденциясында 21-июль күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолугат. Жолугушуудан Кыргызсандагы оор кырдаалда активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекетке, дарыгерлерге жардам берип жүргөн ыктыярчылар өлкөдөгү чыныгы эпидемиологиялык абалды, аны менен болгон күрөш жөнүндө ачык айтып беришет.
Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга чакырылгандардын катарында Нуриля Чолпонбаева, Урмат Насыкулов, Эркин Рыскулбеков жана башкалар бар. Жалпы 15 ыктыярчы чакырылган.
Президенттин пресс-кызматы билдиргендей, ыктыярчы кыймылынын активисттеринин саны өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чектелген.
Ыктыярчылардын айтымдарына караганда, жолугушуу учурундагы талкууда темалар жана суроолор боюнча эч кандай чектөөлөр болгон жок. Алар Сооронбай Жээнбековго элди сактап калуу үчүн белгилүү иш-аракеттерди көрүүнү, көрсөтүлгөн жардамдар жана кемчиликтер жөнүндө айтып берүүнү ниет кылышууда.