12:17, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Караколдогу күндүзгү стационардан беш күн аралыгында 5 миң адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу шаардын мэриясынан маалымдашты.
Анын айтымында, алардын ичинен 1 миң 673ү тамчылатма дары жана укол сайдырышкан, калган 566 адам дарыгерлерден кеп-кеңеш ала алышкан.
«Бүгүнкү күндө үч стационар 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп жатат. Ошондой эле «Секом» түнкү стационар дагы ачылган. Ал жака жалпы 42 бейтап кабыл алышты», — деп берилет маалыматта.