Жогорку Кеңештин экс-депутаты Насыр Мусаев дүйнө салды

11:28, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Насыр Мусаев дүйнө салды. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциялык партиясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Насыр Мусаев өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. Эмгек жолун жеке ишкер катары баштап, Чүй облустук жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаты болуп шайланган, 2013-жылга чейин Кыргызстандагы дунгандар ассоциациясынын вице-президенти болуп эмгектенген.

Фото

2018-2019 — жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал ден-соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда депутаттыктан кеткен.

Анын артында жубайы жана беш баласы калды.