Бир суткада COVID-19 жана пневмония илдеттеринен улам 34 бейтап көз жумду

10:39, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан боюнча коронавирус жана пневмония илдеттеринен улам 34 адам көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде маалымдады.

Анын айтымында, Бишкек шаарында — 20, Ошто — 1, Чүй облусунда — 2, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 3, Жалал-Абад — 4 бейтап каза болгон.

COVID-19 жана пневмония илдеттеринен улам каза болгондордун саны 1037ге жетти.