10:34, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Бир сутка ичинде 781 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде маалымдады.
Анын айтымында, Бишкекте — 273, Чүй облусунда — 71, Ошто — 47, Ош облусунда — 251, Баткенде — 15, Нарында — 25, Жалал-Абадда — 40, Таласта — 30, Ысык-Көлдө —29 адам.
Кыргызстан боюнча коронавирус жана пневмония илдетинен 13 миң 109 бейтап ооруканадан чыгарылды.