Бир суткада 611 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды

10:29, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Республика боюнча бир сутка ичинде СOVID-19 жана пневмония инфекциясынын 611 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу cаламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Бишкек шаарында — 300, Чүй облусунда — 77, Ош шаарында — 58, Ош облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 36, Баткен облусунда — 34, Ысык-Көл облусунда — 12, Нарын облусунда — 5 жаңы учур.

Республика боюнча 27 миң 143 бейтап вирус жуктурду.