Шанхайда өтө турган кинофестивалда Кыргызстандан эки тасма көрсөтүлөт

09:52, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Шанхай эл аралык кино фестивалында Кыргызстандын дароо эки тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Бул тууралуу Кыргызфильм маалымдады.

Белгилүү боллгондой, режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» аттуу тасмасы Spectrum-Alternatives программасына тандалып алынган. Тасма 25, 26 жана 31-июлда көрсөтүлөт.

Режиссер Эмиль Атагелдиевдин «Көл» тасмасы кинофестивалдын расмий программасына «Азиянын жаңы таланттарынын сынагы» номинациясында тандалып алынган. Тасманын премьерасы 29-июлда болот.

Шанхайдын тургундары фестивалдын бардык тасмаларын кинозалдардан көрө алышат, бирок коронавирус пандемиясынан улам бул жылы чет элдик бардык катышуучулар фестивалга катыша алышпайт.