09:12, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте дезинфекциялоодон кийин пневмония күчөп кеткендиги боюнча билдирүүлөргө жооп берди.
Мекеменин маалыматында, дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологлордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлүүдө.
Курамында хлор бар дезинфекция үчүн даярдалган каражаттардын сертификаттары бар.
Белгилей кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарындагы базарларды дезинфекциялоодон кийин пневмония күчөп кеткендигин айтышууда.
Адистердин айтымында, хлор менен уулануунун белгилери башкача.