Муфтий Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жардам көрсөттү

08:51, 20 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп көзү өтүп кеткен студент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Муфтий Адинай Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгилеп, анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырды. Ошондой эле Азирети Муфтий жакын санаалаштары менен биргеликте Адинай Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

«Адинай карындашымдын мекен үчүн кылган кызматы, бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз адам өмүрү менен күрөшүп, өздөрүнүн ден соолуктарына карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык», — Муфтий.

Эске сала кетсек, Адинай Мырзабекова 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон.