14:59, 17 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Тез жардам кызматынын жаңы унааларынын жабдуулары пандемия учурунда жардам берүүгө ылайыкташкан. Бул тууралуу Бишкектин ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.
Анын айтымында, алгач Бишкек шаарына Ford, Жалал-Абад жана Ош облустарына «Соболь» сатып алуу пландаштырылган.
«Унаа пандемия учурунда сатылып алып жаткандан кийин андагы жабдууларга көңүл бөлүндү. «Соболь» унаасында кислороддук концентратор, Ford — ИВЛ бар. Андан тышкары, эң кымбат делген дефибриллятор орнотулган. Бул унааларда эң оор абалдагы бейтаптарга жардам көрсөтө алабыз», — дейт Егор Борисов.
Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бөлгөн акчага 13 тез жардам унаасын сатып алды. «Соболь» машинасынын баасы 49 миң доллардан, ал эми 3 Ford 90 миң доллардан сатып алынды.