Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө

14:18, 17 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

44 жаштагы жаран 15-июль күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аны издөөнү бүгүн да улантууда.

Андан тышкары, 13-июлда Чүй облусунун Алга айылындагы Чоң Чүй каналына 41 жаштагы аял түшүп кеткен. Издөө иш-чараларына тартылган куткаруучулар аракетин бүгүн да улантууда.