Эмгек сиңирген дарыгер Темиркан Жарматова коронавирус илдетинен улам дүйнө салды

12:37, 17 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Ошто облус аралык клиникалык бириккен ооруканалардын директорунун орун басары, эмгек сиңирген дарыгер Темиркан Жарматова дүйнө салды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, дарыгер коронавирус илдетинин өрчүшүп кеткендигинен улам каза болгон. Ал 64 жашта болчу.

Темиркан Жарматова облус аралык ооруканасына 1979-жылы интерн катары келген, андан соң нефрогематология бөлүмүндө иштеп баштаган. 1994-жылы дарылоо болүмүнүн директорунун орун басары болуп дайындалган.

«Эмгек жолунда Темиркан Жарматова дарыгерден директордун орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, профессионалдуу адис жана ийгиликтүү уюштуруучу катары оорукананын региондогу мыкты адистештирилген медициналык мекемелердин бири катары статусун чыңдоого салым кошкон. Анын түздөн-түз катышуусу жана демилгеси менен бир катар жаңы бөлүмдөр, анын ичинде 2014-жылы өзү башкарган гепатология бөлүмү ачылды», — деп билдирди пресс-кызматы.

Темиркан Жарматова 2018-жылдын ноябрынан тарта дарылоо бөлүмүнүн директорунун орун басары болуп дайындалган. 2019-жылдын декабрында дарыгерге «Эмгек сиңирген даргер» наамы ыйгарылган.

Дарыгердин артында эки кызы калды.