Бейтаптын өмүрүн сактай албай калган ыктыярчы анын акыркы сөзүн айтып ыйлады

11:48, 17 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Адам өмүрүн сактап кала албай калгандыгы үчүн ыктыярчылардын бири ыйлап, коомчулуктун зейинин кейитти. Бул тууралуу видеону Эсен Рысбеков өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.

Видеодо Софья аттуу кыз көз алдында каза болгон бейтапка дем жетпей, ал эми ооруканалар орун жоктугуна байланыштуу кабыл албай койгондугун айткан.

«Мен жети мүнөт гана жетишпей калдым. Депутаттардын бири реанимация ачсынчы, мен ошого добушумду берем. Бизде болгону орун жетишсиз болуп жатат. Бейтап мага азыр өлөрүн айтып, кызын катуу сүйөөрүн жеткирип коюуну өтүндү», — деп ыйлаган ыктыярчы кыз.