11:17, 17 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда пневмониядан бир сутка ичинде 77 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдын брифингинде маалым болду.
Март айынан бери пневмониядан жалпы 689 адам каза болду.
Бир сутка ичинде пневмония илдети 1 миң 51 адамдан аныкталды катталды. Бул көрсөткүчкө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны дагы каралган.