COVID-19. Бир суткада алты бейтап көз жумду

10:51, 17 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан боюнча коронавирус илдетинен улам алты адам көз жумду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, кыргыз-түрк достук ооруканасынан, Жайыл аймактык ооруканасынан, Аксы райондук ооруканасынан, Токтогул районунан, Лейлек жана Ош облустук ооруканасынан бирден адам каза болгон.

COVID-19 илдетинен улам каза болгондордун саны 173 учурга жетти.