09:30, 17 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Муфтият каза болгон маркумдарды жерге берүүдө сактык чараларын так сактоого чакырат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Муфтият коронавирус оорусунан каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатвасынын негизинде жарандарды этият болууга жана эл чогулган жерлерге барбоого, ошондой эле жаназа намазында көп адам чогулбай, эң жакын туугандарынын катышуусунда аралыкты сактап жана бет каптарды кийип, сактык чараларын толук сактоого чакырат.
Белгилей кетсек, вирустан каза тапткан адамды акыркы сапарга узатуу жол жобосун муфтият март айында иштеп чыккан. Анда санитардык врачтар тарабынан айтылган бардык жол-жоболорду көңүлгө алуу керектигин белгилейт. Ошондой эле карантиндин талаптарына ылайык медициналык нускамаларды, дезинфекциялоо процедураларын, жеке гигиенаны сактоо, маска жана кол каптарды колдонуу зарылдыгы айтылат.
КМДБ каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын аз киши чогултуу менен жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүүнү сунуштайт.
— Оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда (дарыгерлер айткандай) белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот.
— Муфтият сөөктү жууда белгилүү аралыктан суу куюп, же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болорун белгилейт.
Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.
— Маркумду жуу эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде атайын сактоочу костюмдарды кийип, таяммум кылдырууга болот.
— Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (өлүк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.
— Коронавирустан каза болгондорго жаназа окуу жана шариятка ылайык жерге берүүмилдеттүү. Сөөктү өрттөп, кислота, же башка химиялык заттарды чачууга жол берилбейт.Этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдорун кармануу зарыл.