Эки жуманын ичинде Кыргызстанга 2,5 миңден ашык кычкылтек концентратору келди

15:54, 16 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Эки жуманын ичинде Кыргызстанга 2,5 миңден ашык кычкылтек концентратору гуманитардык жардам катары жана мамлекеттик сатып алуулар аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, жабдыктар медициналык мекемелерге жана муктаждыктарга жараша ооруканаларга бөлүштүрүлөт.

«Бүгүнкү күндө жабдыктар таратылып берилген, резервде 50 даана концентратор бар», — дейт Аида Исмаилова.

Мамлекет бир гана кычкылтек концентраторлорун эмес, ооруканаларга керек болгон башка жабдыктарды да сатып аларын кошумчалады.