12:19, 16 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Кубатбек Боронов Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, коронавирус инфекциянын жайылышына карата көрүлгөн чаралар жана вирусту алдын алуу боюнча кызматташуу туурасында талкуу болду.
Кубатбек Боронов менен Михаил Мишустин, эки мамлекеттин кызматташуусунун алкагындагы актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүшүп, аны менен катар Евразия экономикалык биримдигинде өз ара аракеттенүү боюнча сөз козголду.