10:13, 16 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Өткөн сутка ичинде COVID жуктурганы ырасталган 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 78 жаштагы эркек, Баткен облустук ооруканасында 71 жаштагы аял, Нарын облустук ооруканасында 72 жаштагы аял, Кара-Буура аймактык ооруканасында 79 жаштагы эркек кайтыш болду.
Чүй облусундагы ооруканаларда эки киши набыт болду: Жайыл аймактык ооруканасында 42 жашта жана 63 жаштагы аялдар, Панфилов райондук ооруканада 53 жаштагы эркек.
Март айынан бери вирус жуктурганы такталып 167, пневмония менен 612и өлүм катталды.