Пакистандык Аббас Али Шах Бишкектеги стационарлардын бирине жумушка алынды

12:02, 15 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Дарыгерлерге жардам берүүнү каалаган Эл аралык жогорку медициналык мектептин бешинчи курсунун студенти Аббас Али Шах жумушка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Фото

Анын айтымында, Аббас Али Шах № 95 орто мектептин күндүзгү медициналык борборунда медициналык кызматкерлерге жардам берет.

Эске сала кетсек, буга чейин Пакистандык Аббас Али Шах 24.kg агенттигине ооруканага жумушка орношууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал бекер иштөөгө даяр.