Окуя кечээ түнү Бишкектеги көчөлөрдүн биринде болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, бейтап киши өзүн жаман сезип, көчөдө эсин жоготкон. Ал эми жолдон өтүп бара жаткандар Демилгелүү жаштар борборунда иштеген ыктыярчыларга чалышкан. Алар дароо кычкылтек концентратору менен келишип, бейтапты аппаратка туташтырууга үлгүрүшкөн.