12:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Пневмониядан каза болгондордун саны өткөн жылга салыштырмалуу бирдей эле

2019-жылы пневмониядан 626 адам көз жумган. Улуттук статистика комитети Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына таянып билдирди. 

Быйыл, 2020-жылдын 14-июлуна карата 497 адам пневмониядан көз жумган. Бул 2019-жылдын көрсөткүчүнүн 79 пайызын түзөт.

Улуттук статистикалык комитет 2020-жылдын январь-май айларында пневмониядан улам 230 адам каза болгонун, башкача айтканда, дем алуу органдарынын ооруларынан каза болгондордун 31 пайызын түзгөнүн белгилейт. Ал эми 2019-жылы 278 адам көз жумган же болжол менен 34 пайызды түзөт.

Бирок Улуттук статистикалык комитет, 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейин коронавирустук инфекциянын таралышы жана бул кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун иши токтогондугун түшүндүрдү. Натыйжада жарандык абалдын актыларын (туулгандыгы, өлүмү, нике, ажырашуулар) каттоо жүргүзүлгө элек. Бул калктын табигый кыймылынын ылдамдыгынын төмөндөшүнө таасирин тийгизди.

Эң көп окулган жаңылыктар