Кыргызстанга Турциядан дагы 18 ыктыярчы дарыгер келет

17:27, 14 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга коронавирус илдетин дарылоо үчүн Турциядан 18 медициналык дарыгер келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов пресс-конференцияда маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин Новосибирктен — 3 дарыгер, Екатеринбургдан — 9, Москвадан — 26, 12-июлда дагы 45 дарыгер келген.

«Эгер биз бириксек, ооруну бирге жеңебиз. Чет өлкөдөн келген дарыгерлерге ыраазычылык билдирем», — дейт Кубатбек Боронов.

Премьер-министр белгилегендей, дарыгерлерден эмгек өргүүгө чыкпай турууну суранышкан, бирок жумушка чыгууга эч ким мажбурлабайт. Бир гана Бишкектен 235 медициналык дарыгер эс алуу өргүүсүнөн чакырылды.