Саламаттыкты сактоо системасы дагы 220 ИВЛ аппаратка муктаж

11:14, 14 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасы 220 ИВЛ аппаратка муктаж. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, учурда өлкөдө жалпы 572 ИВЛ аппарат бар.

«Март айынан баштап гуманитардык жардам катары өлкөгө 23 аппарат, 130 дем алууну жакшыртуучу жана көзөмөлдөөчү аппарат, өпкөнү жасалма түрүндө дем алдыруучу 5 прибор жеткирилген. Ошондой эле, биз 63 ИВЛ аппарат сатып алууга тендер өткөрдүк», — дейт Айнура Акматова.