Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен ооруп калды

10:46, 14 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Фото

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасында маалымдады.

Дипломаттын айтымында, 11 күн вирус менен күрөшүп, учурда сакайып бара жатат.

«Бул оор кырдаалда биздин дипломаттар бир мүнөт дагы токтобой, иштеп жатышат.Тилекке каршы, чет өлкөдөгү мекендештерге дайым эле кол суна албайбыз, бирок, бүт күч аракетибизди жумшоодобуз», — дейт ал.