09:44, 14 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги стационарларда дарыланып жаткан бейтаптартдын 80 — пайызы пневмониянын оор түрү менен ооруп жаткандар. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Акылбек Усупбаев билдирди.
Анын айтымында, Улуттук госпиталда 459 орун жана үч COVID-борбор бар: Республикалык урология илимдеринин борборунда — 130 орун, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери госпиталында — 120 орун, нейрохирургиялык корпусунда — 200 орун, учурда 500гө жакын бейтап даарыланып жатат жана реанимацияда 29 керебет бар.
Бейтаптардын ичинен 80 — пайызы пневмониянын оор түрү менен ооругандар.
Акылбек Усупбаев
Профессор белгилегендей, учурда госпиталдын 140 медициналык кызматкери ден-соолугуна байланыштуу өргүүдө, алардын ичинен 35 дарыгердин анализинен коронавирус аныкталган. Эс алуу өгүүдөгү дарыгерлер чакырылды.
«Азыр биздин оорукана санитарка жана дезинфекциялоочу кызматкерлерге өтө муктаж болуп турат. Ошондой эле биз менен кызматташууга келген ар бир жаранга жооп берүүнү суранам. Аны менен катар дарыгерлерди, медайымдарды дагы чакырам. Алардын жатаканасы жана айлык-акы маселесенин чечип берүүгө убада берем», — деп чакырык таштады Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Акылбек Усупбаев.