Бишкекте жаш жигит Алматыдан кычкылтек концентраторун алдыртып келип берем деп акчасын алган бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.
Анын айтымында, бир аял күйөөсү менен Facebookтан кычкылтек концентраторлору жакында Алматыда алынып келинери тууралуу маалымат окушуп, посттун авторуна кайрылышкан.
«Аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө, кычкылтек концентратору жакында келерин айтып, алдын ала акча сурады. Биз ал менен 3-июлда Бөкөнбаев көчөсүнөн саат 23:42де жолукканбыз. Анын айтымында аппарат 4-июлда Алматыдан келмек. Биз ага ишенип 200 доллар берип, тил кат жаздырып алганбыз. Мен ал айткан күнү байланышка чыкканымда жүк кармалып жатат, бүгүн түнү келет деп айткан. Бирок ошол күндөн тартып ал чалууларга жооп бербей жатат. Көрсө, анын тузагына бир гана биз түшпөгөнүбүздү кийин түшүндүк. Ушундай оор убакта бирөөнүн эмгегин жеп, моралдык баалуулук, адамгерчиликтен тайып, акча жасоого аракет кылгандар дагы бар экен», — дейт окурман.
Анын айтымында, 20га чукул адам алдамчыга курман болгондугу тууралуу арыз жазышкан.
Жабыркагандар Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылышты.