Ош шаарында 32 жаштагы эркек киши каналга түшүп кетип каза болду

15:13, 13 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы Южный каналына 32 жаштагы эркек киши түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя 11-июль күнү саат 19:30 чамасында болгон.

«Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. 12-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.