12:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Саламаттыкты сактоо министрлиги өз алдынча антибиотиктерди колдонбоону эскертет

«Өз алдынча антибиотиктер, гормоналдык дарылар жана С гепатитин дарылоочу дармектерди колдонуу ден соолукка зыянын тийгизет», — деп брифинге коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анткени, бейтап стационарга жаткырылган учурда, ага чейин колдонулган дармектер дарылоо курсуна терс таасирин бериши мүмкүн.

«Өз алдынча антибиотиктерди жана башка дары-дармектерди колдонгонуңуздан кесепетинен ден соолугуңыз начарлап, башка оорулар күчөшү ыктымал. Негизгиси, өзүнүн саламаттыгын байкап туруу жана стационарга жатууга себеп болгон симптомдорун өткөрүп жибербөө зарыл. Алар дем алуунун жетишсиздиги жана анын ылдамдашы», — дейт Айнура Акматова.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума