08:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектеги компьютердик томография жана рентген борборлорунун даректери

Өлкөдөгү эпидиомологиялык абал курчугандан бери мамлекеттик жана жеке менчик клиника, лабораториялардын компьютердик томография жана рентген тарткан бөлүмдөрүнүн алдында кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт. Айрым компьютердик томографияларга бир жума мурун жазылуу керек.

24.kg агенттиги окурмандарга ыңгайлуу болуусу үчүн рентген-аппарат жана компьютердик томографиясы бар медициналык борборлордун телефон номурларын жана даректерин сунуштайт.

Республикалык диагностикалык борборунда томография жок, бирок санариптештирилген рентген бар. Баасы-800 сом. Рентгенге тартылуу үчүн алдын-ала жазылбастан 8:00дөн тартып барууга болот. Келген убактыңызга карай жандуу кезекке турасыз.

Борбор 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Дареги: Киев көчөсү, 27. Байланыш үчүн телефондор: 0312435423, 0312435471, 0312435410.

«Систем» медико-диагностикалык борборуна дүйшөмбү - ишемби күндөрү саат 9:00дөн 20:00гө чейин барууга болот. Дареги: Жунусалиев көчөсү, 57. Рентгенге тартылуу баасы 600 сомду түзөт.

«Кортекс» борборунда компьютердик томографиянын жеңил түрүнө 3 миң 600 сомго тартылсаңыз болот. Борбор Ибраимов көчөсү, 103 дарегинде жайгашкан, 8:00дөн 17:30га чейин иштейт. Байланыш телефону: 0555552233, 0312911999.

«Неомед» клиникасында учурда рентген-аппараты гана иштеп жатат, тартылуу наркы 800 сомду түзөт. Компьютердик томографиянын жеңил түрүнө тартылуу баасы 3 миң 875 сом, бирок убактылуу иштебейт.

Маанилүү маалымат. Эгерде сиздин дене табыңыз көтөрүлүп жаткан болсо «Неомед» клиникасынан рентгенге тартыла албайсыз.

Борбор 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Дареги: Орозбеков көчөсү, 46. Рентгенге жазылуу телефон аркылуу жүрөт: 0312906090, 0772906090, 0555906090.

«Юрфа» нур диагностикалык борбору Токтогул көчөсү, 135 дарегинде жайгашкан.

Бул медициналык мекемеден рентгендин жеңил түрүнө тартылуу 800 сом, ал эми компьютердик томографияга 2 миң 600 сом. Рентгенге жана компьютердик томографияга тартуу кызматы 24 саат бою иштейт.

«Юрфа» борборунун расмий сайтында call-борбору убактылуу иштебей жатканы көрсөтүлгөн.

«Веданта» клиникасында рентген жана компьютердик томография кызматтары иштейт. Бирок жогорудагы кызматтардын баасы көрсөтүлгөн эмес.

Медициналык мекеме 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Фучика көчөсү, 34 дарегинде жайгашкан.

«TOMEX» медициналык борборунда рентгендин баасы 800 сом, компьютердик томография 3 миң 600 сом турат.

Рентген кабинети иш күндөрү саат 8:00дөн 14:00гө чейин, ал эми ишемби күндөрү 8:00дөн 13:00гө чейин иштейт. Компьютердик томография дүйшөмбү-жума күндөрү саат 8:00дөн 17:00гө чейин, ал эми ишемби күндөрү 8:00дөн 15:00гө чейин кабыл алат.

Кезекке туруу бейтаптардын келген убактыларына карата жүрөт.

Медициналык борбордун Facebook баракчасында көрсөтүлгөндөй, адистер компьютердик томографияга күнүнө 30га жакын адам, рентгенге 50гө чейин бейтаптарды кабыл алат. Борбор Панфилов көчөсү, 165 дарегинде жайгашкан. Сурап-билүү телефондору: 0312668076, 0708667076.

Компьютердик томография кызматы «Авиценна» медициналык борборунан дагы бар. Бул мекемеде компьютердик томографиянын жеңил түрүнө тартылуу баасы 3 миң 200 сом. Медициналык борбор Жунусалиев көчөсү, 83 дарегинде жайгашкан. Байланыш телефону: 0312909001, 0505909009.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума