12-июлда Москвадан Бишкекке 50 ыктыярчы дарыгер келет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Москвадан келген ыктыярчы дарыгерлер бир ай боюу тамак-аш, жатакана менен менен камсыз болот.
«Дарыгерлердин тамак-аш жана жатакана маселеси демөөрчүлөр тарабынан чечилди. Ыктыярчы 50 дарыгер эртең Кыргызстанга жөнөтүлөт», — деп берилет маалыматта.
Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 9 миң 910го жетти.