12:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чубак ажы Жалилов оорудан улам көз жумду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдакы башчысы Чубак ажы Жалилов дүйнө салды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине муфтияттан тастыкташты.

Алардын айтымында, буга чейин ал ден-соолугу начарлар кеткендигине байланыштуу ооруканага жаткан. Чубак ажы Жалиловдун абалы стационарда начарлап кеткен. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калышты.

Чубак ажы Жалиловдун архивинен
Фото Чубак ажы Жалиловдун архивинен

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдакы башчысы Чубак ажы Жалиловдон пневмония илдети аныкталган.

Чубак ажы Жалиловдун жаназасы бүгүн Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда болот. Жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума