УКМКнын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдакы орун басары каза болду

14:30, 10 июля 2020, Бишкек - 24.kg

УКМКнын коорупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдакы орун басары Чайка Керимбаев пневмония илдетинен улам дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн белгилүү болду.

Фото Чайка Керимбаевдин архивинен

Чайка Керимбаев — коопсуздук кызматкер. Улуттук коопсуздук органдарында, ошондой эле «Манас эл аралык аэропорту » ААКнын вице-президенти болуп эмгектенген. Акыркы кызмат орду — Кыргызстандагы «Роснефттин» башкы директорунун орун басарынын кызматын аткарган.

24.kg агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.