02:25
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Ноокенде жайлоодон 14 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жоголуп кеткен 14 жаштагы өспүрүм баланын сөөгү жайлоодон табылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 102 номуруна 26-июнда 14 жаштагы бала Беш-Теке жайлоосуна кеткен боюнча кайтып келбегендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Арадан 12 күн өткөндөн кийин, 8-июлда жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан.

9-июлда куткаруучулар сөөктү туугандарына өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар