19:33, 09 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги күндүзгү стационарлар колдоого муктаж. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, стационарларда жабдуулар жетишсиз, дары-дармектер, коргонуучу каражаттар, андан сырткары дарыгерлер менен ыктыярчыларга бергенге тамак-аш тартыш.
Бишкек мэриясы жарандарды жардам берүүгө чакырды.
«Эгерде кимде-ким стационарларга жана кызматкерлерге жабдуу, дары-дармек, жеке коргонуучу каражат жана тамак-аш жактан жардам көрсөтөм дегендер бизди караган райондордун акимдеринин орун басарларына кайрылсаңыздар болот», — деп жазылат чакырыкта.
Биринчи май району — 0990999444, Аида Жолочуевна;
Октябрь району — 0559038585, Айнура Жанышевна;
Свердлов району — 0999855558, Асель Садыковна;
Ленин району — 0555184328, Жамал Бекмурзаевна.
Бишкектеги тогуз күндүзгү стационар оорунун жеңил түрү менен ооругандарды карайт. Иш убактысы 8:00дөн 22:00гө чейин. Жарандар күн сайын куйма дары сайдырып, медиктерге кеп-кеңештерди ала алышат.