Бишкекте жашы жете элек өспүрүм унаа айдап чыгып кырсыкка учурады

10:49, 09 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу жаңы курулуп жаткан турак жайдын чуңкуруна түшүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттиине Милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, жол кырсык кечээ 19:30да катталган.

«Жол кырсыктын натыйжасынан беш адам жабыркаган. Toyota Camry автоунаасынын айдоочусу чыгыш тараптагы жаңы курулуп жаткан турак жайдын чуңкуруна түшүп кеткен. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Унааны жашы жете элек өспүрүм башкарып бара жатканы белгилүү болду», — деп берилет маалыматта.