Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Аалы Молдоканов каза болду

09:53, 09 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө орду толгус зор салымын кошкон Аалы Молдоканов мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Аалы Молдоканов кечээ 8-июлда каза болгон. 

Аалы Молдоканов көп жылдар бою улуттук тил комиссиясынын мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Бул жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрүнө кыргыздын белгилүү тарыхый инсандарынын ысымдарын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыккан. Кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө, кыргыз тарыхына зор салым кошкон.

Эске сала кетсек, Аалы Молдоканов белгилүү маданият өкүлү Назира Аалы кызынын атасы.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.