Жалал-Абад шаарында турак үйдөн өрт чыкты

13:17, 08 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарында турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында 2020-жылдын 7-июль күнү саат 21:13 чамасында Строительный көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйүп кеткен.
 
Фото
Учурда өрттүн себеби такталууда.