Абитуриенттер үчүн «Абитурент Онлайн» порталы иштеп баштады

18:06, 07 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Абитуриенттер үчүн «Абитуриент Онлайн» порталы ачылды. Абитуриенттер порталга 1-тур башталганга чейин катталышы керек.

Маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылында абитуриенттер жогорку жана орто окуу жайларына www.2020.edu.gov.kg шилтемеси аркылуу тапшырышат.

«Бул портал өлкөдө коронавирус илдетинин күчөп жатканына байланыштуу абитуриенттердин ден-соолугуна кам көрүү максатында ачылган. Абитуриенттер порталга катталып, каалаган окуу жайына онлайн түрдө тапшыра алат. Тандаган багыттарын жана билдирүүнү турлардын убактысына жана талаптарына карап жиберүү керек», — деп берилет маалыматта.

Ошондой эле, системага жалпы 64 жогорку окуу жай киргизилген жана абитуриенттер ал жактан окууга тиешелүү бардык суроолорго жооп ала алышат.