БШК аппаратынын он кызматкеринен коронавирус аныкталды

16:58, 07 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынан он кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, алардын баары учурда өзүн-өзү изоляциялоодо. Комиссиянын отуруму ZOOM тиркемеси аркылуу видеоконфереция форматында өтөт.

Буга чейин комиссиянын төрагасы Акылбек Эшимовдон коронавирус аныкталган.