15:00, 07 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Бул жумада Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынып келинет. Бул тууралуу премьер-миниср Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү 200дү, ал эми 300 концентратор жуманын аягында келет.
«Буга чейин 500 кычкылтек концентратор алынып келинген. Дагы 500дү алдырып жатабыз. Биз Бишкектеги кычкылтек концентраторлордун жетишсиздигин ушинтип чечбиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бизде 570 аппарат бар», — дейт Кубатбек Боронов.
Ал кошумчалагандай, өкмөт дагы 200 ИВЛ аппарат сатып алууну пландап жатат.
"Бирок азырынчаа алардын жетишсиздиги боюнча өтө курч маселе жарала элек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, бизде 570 аппарат бар",- дейт ал.