Кыргыз дарыгерлери уюштурган «Дарыгер Онлайн» telegram каналы өлкөдөгү эң пайдалуу жана популярдуу тармакка айланды. Мында медициналык кызматкерлери жарандар бекер кеп-кеңешин берип, коронавирус боюнча ар кандай суроолорго жооп беришүүдө. Эки апта ичинде каналга 100 миңге жакын адам катталды. 24.kg агенттинин кабарчысы каналдын түзүүчүлөрүнүн бири Азалия Азатова менен маек курду.
— «Дарыгер Онлайн» каналын түзүү идеясы кайдан келип чыкты?
— Бизде «Дарыгерлерден жооп» долбоору буга чейин эле бар болчу, бирок анда балдардын маселеси гана каралчу. Бул дээрлик бир жылдан бери иштеп келе жатат. Ошол долбоордун командасы менен биргеликте өлкөдөгү кыйын кырдаалга байланыштуу жарандага жардам көрсөтүү иретинде «Дарыгерлер Онлайн» каналын түздүк. Бул аракетибиз, жарандар менен медиктерди онлайн байланыштырып, алардын акысыз кеңеш алууларына шарт түзүү жана 103, 118 кыска номурларынын линияларын бир аз болсо да ишин жеңилдетүү. Учурда долбоорду өнөктөшүм Дамира Апиева экөөбүз көзөмөлдөп жатабыз.
— Сиз кайсы кесиптин ээсисиз жана өнөктөшүңүз тууралуу дагы айта кетсеңиз?
— Дамира медициналык билимге ээ, бирок маркетолог болуп иштейт. Ал эми менин медициналык билимим жок, бирок чат бөлүмүндө жана Telegram каналында беш жылдык тажрыйбам бар. Ошондуктан мен дарыгерлер менен жарандардын ортосундагы көпүрө катары долбоорго катышып жатам.
— Жарандарга канча дарыгер кеңеш берет?
— Жалпы жыйырмага жакын медик суроолорго жооп берет.
Бирок бул дагы жетишсиз, себеби дарыгерлердин бары коронавирус илдети менен бетме-бет күрөшүп жаткан учуру, андыктан алар бошоору менен жооп берүүгө аракет кылышууда. Ал эми айрым медиктер өзүлөрүн жаман сезип, оору менен алышып жатышат. Биз дагы эле бош дарыгерлерди издөөдөбүз, себеби, суроолор үзгүлтүксүз берилип жатат, дарыгерлердин ордун толуктап турушубуз керек.
— Дарыгерлер тобуна кабыл алуунун талаптары кандай?
— Жумушка кабыл алуу Дамира аркылуу болот, анткени ал медициналык билимге ээ жана бизге ким ылайык келээрин жакшы билет.
— Команда бардык суроолорго жооп берүүгө үлгүрүп жатабы?
— Дарыгерлер жарандарга жооп берүүгө үлгүрүп жатышат, биз аларды шаштырбайбыз. Бирок, биз модернизациялоого жетишпей калып жатабыз. Башкача айтканда, бизде белгилүү эрежелер бар: оорунун симптомдорун, колдонгон дары-дармектерин, коштолуучу ооруларды так сүрөттөп, конкреттүү суроо берүүсү керек. Себеби, дарыгерлер жарандардын суроосуна ашыкча убакыт коротпой, бир окуганда түшүнүп, дароо маселеге өтүүсүнө оңойураак болот.
«Дарыгер Онлайн» каналындагы дарыгерлер бейтаптарды көрүшпөйт, алар болгону эмне ичүү керек, тамагын эмне менен тазалоо керек, мурунду чайкоо, суюктукту көп ичүү ж.б. боюнча кеңеш беришет, сунушташат жана кайсы дарыгерге кайрылуу керектигин гана айтып беришет. Кайрылуулар аябай көп, бир саатта миңге чукул катталуучудан кат келет.
Аны менен катар бир учурда Казакстандын жарандары дагы каналга кошулуп кетти. Ошондуктан коңшу мамлекеттен дагы дал ушундай Telegram канал түзүү үчүн активисттерди издедик.
Азалия Азатова.
Биздин дарыгерлер башка өлкөнүн жарандарына эч нерсе деп кеңеш бере алышпайт. Анткени эки жактын абалы эки башка.
— Жарандар көбүнчө кандай суроолор менен кайрылууда?
— Көбүнчө жыт, даам сезбей калуулары, дене таптын көтөрүлүүсү, тамак оорусу жана жөтөл тууралуу кайрылып жатышат. Андыктан жарандар эң көп берилген суроолорго дароо жооп табуулары үчүн жоопторун өзүнчө жаздык.
— Жарандар суроолоруна канча убакытта жооп ала алат?
— Дарыгерлерди шаштырбайбыз, алар бош убагында жооп беришет. Ал эми өлкөдөгү абалга байланыштуу жооп берүү үчүн бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн. Бирок, эреже боюнча билдирүүлөрдүн барына жооп берүүгө аракет кылабыз. Дарыгерлер таптакыр акысыз кеңеш беришет. Дамира экөөбүздүн дарыгерлерге берчү эч нерсебиз жок.
— Бул ишти баштоо үчүн эмне түрткү болду? Сиз бул тармактан эч кандай каражат таппасаңыз...
— Дамира иштейт, мен азырынча декреттик өргүүдөмүн. Ошондуктан мен бала багуу жана үй чарбасына байланышкан маселелер менен алектенем. Беш жылдан бери өзүмдү коомдук ишмер катары эсептейм, буга чейин «Попутка KG» долбоорун түзгөм. Жарандарга чын дилден жардам бергим келет.
— Бул каналды иштетүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатат? Сизге ыңгайсыздык жараткан учурлар болдубу?
— Көбүнчө жарандар бир эле суроону кайра-кайра бере беришет, баарлашуу учурунда эрежелерди жана талаптарды сакташпайт. Коомубуздун эң негизги көйгөйү — талапты окуп да койбогондору жана сактабагандары. Анын кесепетинен биз эки иш жасоого мажбурбуз. Модернизациялоого аябай көп убакыт коротобуз. Жарандардан эрежелерди сактоону суранам. Эреже бир гана бул каналга тиешелүү эмес, санитардык норманы, гигиена жана маска режимин, өзүн-өзү изоляциялоо тартиперин так аткаруу керек. Дарыгерлерди сыйлаңыз, алар биздин баатырлар. Алар аз айлык акы алып илдет менен күрөшүшүүдө. Алар үй-бүлөлөрүн көрбөй иштешет, кезметке кетишет, ден-соолугуна коркунуч келтиришет. Эми алар жарандарга дагы акысыз кеңеш беришет.