11:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токмоктогу спорттук мектеп 50 орундуу стационар катары колдонууга берилди

Токмоктогу спорттук мектеп бүгүнтөн баштап күндүзгү стационар катары иштеп баштайт. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Анын айтымында, мектепке 50 орундук даярдап, 10 кычкылтек концентраторун орнотушкан.

Бейтаптар эки дарыгердин, үч медайымдын жана санитарлардын көзөмөлүндө болот. Оорулуулар үй-бүлөлүк дарыгердин көрсөтмөсү боюнча кабыл алынат. Жакын арада жергиликтүү бюджет дагы 20 кычкылтек концентраторун сатып алуу алдында турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби