Ошто Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары Артыкбай Эралиев коронавирус илдетинен улам көз жуму. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Артыкбай Эралиев кечээ түнү каза болгон.
Өздүк булактардын маалыматына караганда, дарыгер коронавирус илдетинен улам көз жумган.