12:43, 06 июля 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда Миң-Куш айылынын тургундары сууга чөгүп кетишкен, алардын сөөгү бир айдан бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, 1977-жылы жана 1978-жылы туулган жергиликтүү тургундар 5-июнда Көкөмерен дарыясына балык уулоого кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.
Учурда ӨКМдин 11 кызматкери издеп жатат. Бирок азырынча эч кандай жыйынтык жок.