Сокулукта көлмөдөн 55-60 жаштагы улгайган адамдын жансыз денеси табылды

11:41, 06 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Сокулук районунда улгайган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 5-июлда болжол менен саат 9:14тө Шопоков шаарында жайгашкан көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Сакчылар көлмөдөн болжол менен 55-60 курактагы улгайган адамдын жансыз денесин алып чыгышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Маркумдун өздүк маалыматы такталууда.