Дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду

11:28, 06 июля 2020, Бишкек - 24.kg

Эки тараптуу пневмониядан улам Кыргызстандагы тажрыйбалуу дарыгерлердин бири Бектемир Мукамбетөмүров дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Фото

Бектемир Мукамбетөмүров-саламаттыкты сактоонун отличниги, эмгек сиңирген врач жана Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн нейрохирургдарынын ассоциациясынын мүчөсү.

2003-жылдан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын № 2 нейротравма бөлүмүн жетектеген. Нейрохирургдун эмгектери Жогорку Кеңештин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен бааланган.

Бектемир Мукамбетөмүровдун артында эки кызы, үч уулу калды. Улуттук госпиталдын жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.